Мурдагы мэр Таалайбек Сарыбашов Ош шаарына келип, мэриянын кызматкерлерине, азыркы шаардык кеңештин депутаттарына чай берип, “ыраазычылыгын” билдирген. Ал атайын кафелердин биринде конок тосуп, ал жакка шаар жетекчилиги да чакырылган. Анда Сарыбашов чыгып сөз сүйлөгөн соң азыркы мэрдин милдетин аткарып жаткан Алмаз Мамбетовго да сөз берилди. Мамбетов аягына чыга элек долбоорлорду шайлоодон шайланып, дайындалгандан кийин аягына чыгараарын билдирди. Бирок, мэр болуп шайлана элек жатып “шаарды мага өткөрүп берип атасыңар” деп сүйлөгөнүн кандай түшүнсөк болот деп суроо салды Дастан Үмөтбай уулу.

“Эң кызыгы ага мэрдин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов да чакырылып, Сарыбашовго чапан жаап, калпак кийгизип жүрөт. Анан да шайлоо боло элек жатып, мэрлик кызмат менчик немедей “шаарды мага өткөрүп берип атасыңар” деп Сарыбашовго кайрылып сүйлөп атат. Мэрди шайлоо түздөн-түз милдети болгон шаардык кеңештин депутаттары ал жерде кантип олутуруп, ушул сөздү уккандан кийин кандай абалда болушту экен?“,- деп жазат Дастан Үмөтбай уулу.

Белгилей кетсек, Сарыбашовдун кеңешчиси Азамат Абсаттаров дагы бул кечеден тартылган видеону жарыялап “Бүгүнкү иш-чарадан саясат жок. Чакырылгандар Сарыбашовдун коноктору” деп жазды.

Бүгүн 26-августта Ош шаарында мэрди шайлоо өтөт. 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: