Өткөн суткада өлкөдө 21 172 адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир суткада эмделгендердин ичинен 7 973ү вакцинанын биринчи дозасын алса, 13 199у экинчи компонентин сайдырган. Жалпысынан 663 497 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алган. Ал эми 412 346сы экинчи дозаны сайдырып, толугу менен эмдөөдөн өттү.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында Кыргызстанда 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн кеминде калктын 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: