Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасынын улуттук премьерасы өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, тасмага тартылган чыгармачылык-техникалык топ жана кеңири коомчулук катышты.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган тасманын дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы июль айында Шанхай эл аралык фестивалында өткөн.«Шамбала» тасмасы буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: