Балдарынын метрикасындагы “атасынын аты” деген графага өз ысымын жаздырган активист Алтын Капалованын иши сотто каралды. Бул тууралуу активист социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Мен кечээ соттон утулуп калдым, сот менин ысымымды балдардын документинен алып салуу тууралуу чечим чыгарды. Биз балдарды төрөп, бирок өз атыбызды бере албайт экенбиз. Соттошууну мындан ары да улантам”, – деп жазган ал.

Эске салсак, жарандык активист Алтын Капалова 2020-жылдын 30-декабрында үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган. Анда атасынын ысымы жазыла турган жерге өзүнүн атын жазган.

Ал эми мамлекеттик каттоо кызматы Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: