Талас районунун Бекмолдо айыл кеңешинин 18 депутаты 26-августта Жерүй алтын кенине барышты. Бул туралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Момоконова Лиракан айым билдирди.

Анын айтымында “Альянс-Алтын” компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов депутаттарды кенде жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырып, аларга алтын чайкоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды көрсөттү.

Таанышуунун жүрүшүндө депутаттар ишкананын калдык сактоочу жайынын экологиялык коопсуздугуна байланыштуу бир катар суроолорду беришти. Экологдор калдык сактоочу жай беш катар коргоого- чопо, геотекстиль, геомембрана, геотекстиль жана кайрадан чопо менен коргоого алынганын айтышты.

“Баардык материалдар жогору сапаттуу, калдык сактоочу жай апта сайын текшерилип турат. Текшерүүнүн жүрүшүндө Бекмолдо айылынын тургундарынын катышуусу менен комиссия түзүлүп турат”,-деп белгилешкен экологдор.   

Андан соң тегерек стол өткөрүлүп, депутаттарга ишканадагы 60 пайыз жумушчулар жергиликтүү тургундар экенин, алардын орточо айлык акысы 59 миң сомду түзөрүн билдирди.

Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорду талкуулашты, бул долбоорду «Алтын Альянс» каржылоого ниеттенип жатат.

20-августка карата «Альянс Алтын» компаниясы «Жерүй» долбоорун иштетүүдөн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге жалпы 2 млрд 781 миң сом төгүп берген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: