Ак-Жол өткөрмө бекетинин аймагында ПЦР-тесттерди жасап сатууга шектелип “Бека малыш” атту адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Гүлжигит Мурзабаев журналист Мээрим Сырдыбаевага билдирди. Сырдыбаева бүгүн саат 11:00гө күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Ички иштер министрлигине чакырылды.
 
Өлүм-өмүрдөн акча жасаган шылуундар” деген аталыштагы журналисттик иликтөө 23-августта жарыяланган. Анда ПЦР-тесттерди жасалмалап саткан бир нече фактылардын бети ачылган. Алардын бири Ак-Жол өткөрмө бекетинде аныкталып, бекетти “Бека малыш” каймана аттуу жигит тейлээри белгилүү болгон. “Бека малыш” саткан ПЦР-тест 3 миң сомду түзгөн. Жасалма документ Бонецкий лабораториясынын бланкында даярдалган. Бул лабораториянын жетекчилиги алардын атын жамынып, жасалма тест жасагандар оголо көп экенин билдирген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: