Кабул аэропортунда болгон эки жардыруудан 100дөн ашуун адам каза болгонун РИА Новости билдирди. Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жогорку кызматкери каза болгондордун саны өскөнүн, анын ичинде 90 ооган жана 13 америкалык аскер кызматкери бар экенин айтты. Кыйратуучу жардыруулар бейшемби күнү, 26 -августта болгон.

Биринчиси чет өлкөлүктөр жашаган Baron мейманканасынын жанында болгон. Аны жанкечтилер уюштуруп, бомба коюлган унаа жарылган. Бул трагедияга чейин Британиянын Коргоо министрлиги жакынкы сааттарда теракт болушу мүмкүн экенин эскерткен. РИА Новости билдиргендей, АКШ президенти Кабул аэропортундагы жардырууга байланыштуу террордук топко сокку урууга даярданууну буюрду.

Байден “Ислам мамлекетине” “Хорасан провинциясына” (бул уюм Кыргызстанда террордук уюм катары таанылган) кол салууга даярданууну тапшырды. Анын айтымында, Кабул аэропортундагы жардырууларга күнөөлүүлөр жазаланат.

Биз команда жетекчилигине жана активдерине сокку уруунун оперативдүү планын иштеп чыгууну тапшырдык. Биз өзүбүз тандаган убакта катуу урабыз”,-деди ал.

Эскертүү: Төмөндөгү сүрөттөр жана видеолор 18 жашка чейинкилерге жана жүрөгү алсыз адамдарга сунушталбайт!

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: