Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму Кыргызстандын олимпиадалык категориядагы калысы Мейрамбек Ахметовду спорттук күрөш боюнча Осло шаарында өтчү дүйнө чемпионатынын беттештерин тейлөөгө чакырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Дүйнөлүк уюм чемпионаттын беттештерине калыстык кылуу үчүн тандалган 55 мыкты калыстын тизмесин жарыялады. Анда кыргызстандык адис 31-катарда турат.

Эскерте кетсек, Ахметов жакында эле Японияда өткөн Олимпиада оюндарында да калыстык кылган.  Ага чейин март айында Венгрияда өткөн Олимпиадага жолдомо берилүүчү мелдештин беттештеринде калыстык кылууга да чакырылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: