Панфилов паркында уюлдук телефон уурдоого шектүүлөр кармалганын 26-августта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Окуя видеокөзөмөл камераларына тартылып, кийинчерээк социалдык тармактарда бөлүшүлгөн. Ошондой эле 22 -августта жабырлануучу милицияга кайрылган.

Бул факты “Уурдоо” беренеси боюнча КЖБРге катталган. Бишкек милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү аялдар 1989 -жылы туулган К.А. жана 2000 -жылы туулган С.А. кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кошумчалай кетсек, кармалгандар буга чейин мындай кылмыштарды жасашкан жана бир нече жолу соттолушкан. Милиция кылмыштын үчүнчү катышуучусун издеп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: