Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыркаган Максат айылынын калыбына келтирилген социалдык инфраструктурасы менен таанышты.

Садыр Жапаров Максат айылынын социалдык объектилерин – милиция пунктун, фелдьшердик-акушердик пунктун, футбол талаасын, ошондой эле оңдолгон мектепти көрүп чыкты.

Мындан сырткары, Президентке айылдын таза суу менен камсыздалышы, 11 чакырым тилкеде асфальт төшөлгөнү, көчө жарыктарынын орнотулганы, муздак жана ысык суунун киргизилиши жана курулуп жаткан бала бакча тууралуу маалымат берилди.

Оңдолгон мектептин футбол талаасын жана спорт залын кароо учурунда Мамлекет башчысы чогулган балдар жана айылдын жаштар командасы менен футбол жана волейбол ойноду.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн маселелерге кызыгып, айыл аксакалдары менен баарлашты.

Жергиликтүү тургундар социалдык инфраструктураны калыбына келтирүү маселесин ыкчам чечип беришкендиги үчүн Мамлекет башчысына жана өлкө жетекчилигине ыраазычылыктарын айтышты.






Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: