27-августта саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына Жибек Жолу проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишине жакын жердеги мечиттин жанында ок атылып, бир киши жаракат алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, мечиттин батыш тарабындагы унаа жүрүүчү бөлүгүндө окуя болгон жерди кароодо 1 даана гильза, кочкул күрөң түстөгү заттын издери табылган (кан болушу мүмкүн) жана кара күрөң түстөгү тампон алынды. Ошондой эле, жанындагы видеокамералардан жазуулар алынып, тергөө материалдарына кошулду.

Чогулган материалдар Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасына жөнөтүлүп, андан кийин тергөөдө УКМКнын Бишкектеги тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 321-беренесинин («Бийликтен аша чабуу» 1) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен; 2) этиятсыздыктан оор зыян келтирүү менен) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул окуяга шектелген Милициянын кайгуул кызматнын кенже инспектору Д.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: