Бишкекте патрулдук милиция кызматынын инспектору жол эрежесин бузган адамды атып салды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Окуя кечки саат 21:30дарда Жибек Жолу проспектисинин Гоголь көчөсү менен кесилишинде болгон. Кайгуул кызматтын кенже инспектору Д.Ж. “РАФ 4” үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 1989-жылы туулган айдоочу А.Ч.ны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтоткон.

Айдоочу документтерин көрсөткөн, бирок Патрулдук милиция кызматкерлери аны каттоодон өткөрүп жатканда күтүүсүз жерден айдап кетүүнү чечкен. Ошондой эле, милициянын айтымында, айдоочу чатак чыгарган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир аздан кийин жол эрежесин бузган жаран кайтып келип, патрулдук милициянын инспекторуна кысым көрсөтүп, чатак чыгара баштаган.

Ал инспектор менен сүйлөшөм деп коркутуп, чыр-чатак жана мушташты козгой баштаган. Айдоочу күтүүсүздөн кызматтык куралды инспектордон тартып алууга аракет кылган. Ал милиционердин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес. Кызматтык курал үчүн күрөшүү учурунда кокусунан ок атылып, анын кесепетинен айдоочу каза болду”, – деп айтылат билдирүүдө

Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ИИМдин, Бишкек ШИИББдин жана Свердлов райондук прокуратуранын башкармалыгы барган. Ички иликтөө жүрүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: