Борбор калаада Кайгуул кызматынын инспекторуна таандык табелдик куралдан ок жеп 32 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлап, окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

Маалыматта каргаша 27-август күнү болжол менен саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгону айтылат. Toyota RAV4 автоунаасы менен каршы тилкеде келе жаткан айдоочуну Д.Ж. аттуу инспектор токтоткон. Протокол толтурулуп жаткан маалда милиционер менен жаңжалдаша кеткен А.Ч. аттуу айдоочу документин калтырып коюп кетип калган.

“Бир аз убакыт өткөндөн кийин А.Ч. кайра кайтып келип, урушуп, Кайгуул милициясынын инспекторуна басым жасай баштаган. Андан соң күч колдонуу менен милиционердин табелдик тапанчасын алууга аракет кылган. Дал ошол маалда кокусунан куралдан ок чыгып, айдоочуга тийген. Натыйжада ал каза болуп калган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: