Кытай Кыргызстанга дагы 540 миң доза Sinopharm вакцинасын берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын элчиси Ду Дэвень менен жолугушкан учурда мындай макулдашууга жетишилди.

Аталган вакцинанын ичинен 500 миң доза гуманитардык жардам катары берилсе, 40 миң дозасы COVAX Глобалдык альянсынын алкагында жеткирилет.

Буга чейин Кытайдан эки транш менен 300 миң доза вакцина келген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: