Инспектордун огунан каза тапты окуя боюнча айдоочунун жубайы үн катып, окуя такыр башкача өңүттө болгонун айтып чыкты. Анын айтымында, экөөнүн ортосунда кайым-айтыш эле болгон, ал тапанча талашкан эмес.

«Мечиттен намаздан чыккам. Мен баарын өз көзүм менен көрдүм. Анын кызматкерге кол салып, тапанча талашканынын баары жалган. Ал жерде кайым-айтыш эле болгон. Тапанчасын талашкан эмес. Кайым-айтышуудан эле испектор тапанчасы менен атып салды. Аткандан кийин жолдошум жыгылды. Алар ага жардам бербестен «эмне үчүн атып салдың? өзүндү кармабайт белең» деп сүйлөшүп жатышты. Мен Тез жардам чакыргыла деп кыйкырып жаттым»,- дейт каза болгон айдоочунун жубайы.

Белгилей кетсек, айдоочу инспектордун огунан каза тапты. Ал эми кайгуул кызматкери УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин бүгүн Бишкек ШИИББнен кабарлады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: