Мигранттар катышкан массалык мушташ Москвадагы жатаканалардын биринде болгон. Натыйжада 20 адам полиция бөлүмүнө жетти, деп айтылат ИИМдин Москва департаментинин сайтында.

Окуя 18 -августка караган түнү Адмирал Корнилов көчөсүндө болгон. Эки киши баштаган мушташтын себеби тактала элек. Агенттиктин сайтында жарыяланган видеонун кадрларында тааныштары жана туугандары мигранттарды бөлүүгө аракет кылышканын, бирок көп өтпөй алар өздөрү мушташтын катышуучулары болуп калганын көрүүгө болот.

Алар кармалган жети кишиге карата майда бейбаштык боюнча протокол түзүшкөн, белгилүү болгондой алардын бешөө, Россияда мыйзамсыз жүргөн. Учурда алардын бардыгы 12 күндүк административдик камакта отурушат, андан кийин бешөө мекенине депортациялоо үчүн чет өлкөлүктөрдүн убактылуу жашоо борборуна жөнөтүлөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: