“Кыргыз темир жолунун” мурдагы жетекчиси Василий Дашков УКМКнын тергөө абагына которулду. Мамлекеттик ишкананын мурдагы директору “Бикард” клиникасынын аймагында сейилдеп отурганы тууралуу социалдык тармактарда тараган видео боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Социалдык тармактарда “Кыргыз темир жолунун” экс-башчысы Василий Дашков “Бикард” жеке клиникасынын аймагында ээн-эркин басып жүргөн видео таралууда. Кадрларда Дашков бир кыз менен отургучта отурганы көрүнүп турат. Өзгөчө оор кылмыш боюнча айыпталуучуну кайтарууга тийиш болгон коштоочулар, ал камакта экенине карабай, эмне үчүн колу кишенсиз эркин басып жүргөнүн түшүндүрүп бере алышкан жок.

Эске сала кетсек, 18-майда Василий Дашков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген. Ал коррупцияга шектелүүдө. Алгач «Кыргыз темир жолунун» экс-башчысы үй камагына чыгарылган. Ошол эле учурда сот ага келтирилген зыянды төлөп берүү боюнча шарт койгон. Дашков акчаны которбогондуктан, ал кайрадан кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин, Дашков товардык -материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн төлөм деген шылтоо менен аффилирленген жеке компанияларга мыйзамсыз түрдө 1,1 млрд сом которгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: