Афганистандын жогорку окуу жайларында кыздар жана балдар өз-өзүнчө окушат.

Бул тууралуу “Талибан” кыймылы тарабынан дайындалган билим берүү министринин милдетин аткаруучу Абдулу Баки Хаккани билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Хакканинин айтуусунда, Афганистанда кыздар дагы билим алууга укуктуу.

Бирок алар балдар менен чогуу окуй алышпайт. “Талибан” кыймылы мындай кадам менен кыздарга коопсуз билим алуу чөйрөсүн түзүп берүүнү көздөп жатканын айткан. Жакынкы күндөрү өлкөдө жогорку окуу жайлары ачылып, окутуучулар менен кызматкерлерге айлык акылар төлөнүп берилерин билдирген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: