Кыргызстандык окуучу Айдар Мундузбаев информатика боюнча Европалык жаштар олимпиадасында алтын алды. Буга чейин Кыргызстандан алтынды эч ким ала элек болчу.

Айдар Мундузбаев Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде билим алат.

Олимпиада 24 -августтан 28 -августка чейин онлайн режиминде өткөн. Ага 30 өлкөдөн 171 окуучу катышты. Уюштуруучу өлкө — Румыния болгон.

Олимпиадада Кыргызстандын командасында 8 окуучу болгон:

1. Айдар Мундузбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы лицей;
2. Максат Темирбеков, «Кут билим» билим берүү комплекси;
3. Мухаммед Эргешов, «Газпром-Кыргызстан» билим берүү комплекси;
4. Эмил Талыпов, №61 Е.Якира атындагы физика-математика мектеп-лицейи;
5. Исхак Тажибаев, «Кут билим» билим берүү комплекси;
6. Нурсултан Эшперов, «Газпром-Кыргызстан» билим берүү комплекси;
7. Эдил Кадыров, «Газпром-Кыргызстан» билим берүү комплекси;
8. Владислав Кущ, №61 Е.Якира атындагы физика-математика мектеп-лицейи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: