Бишкектеги мечиттердин биринин жанында кенже инспектордун огунан каза тапкан Чыңгыз Абдыраев 29-августта акыркы сапарга узатылды.

Маркум сентябрь айында үйлөнүп, той берүүнү пландап, даярданып жаткан. Бул туурасында анын жубайы Ясмина айым менен сүйлөшкөнүбүздө маалым болду.

Айтымында, алар расмий түрдө никесин кыйдырышкан. “Чыңгыз менен ушул жылдын март айында таанышканбыз. Өзгөчө адам болчу. Эң биринчи ыйманы, адамга болгон күйүмдүүлүгү, кичи пейилдиги, чынчылдыгы, боорукерлиги менен жүрөгүмдү багындырган. Жашоого болгон көз карашы, адамдарга жасаган мамилеси менен жаккан. Ал менин бир тууган агам менен 2009-жылдан бери тааныш, дос экен. Бирок бул туурасында биз таанышкандан кийин билгенбиз. Шариатка ылайык, биздин никебиз бар. Тоюбуз 20-сентябрга белгиленген, даярданып жаткан учурубуз болчу”, – деди ал.

Ал эми каргашалуу окуя мечиттен намаз окуп чыкканда болгонун белгиледи. “Беш маал намазды мечиттен дайыма окуй албайм. Убакыт кенен болгондо барып турам. Окуя болгон күнү кечки магриб намазын окуп чыккам”.

Чыңгыз Абдыраевдин мурдагы жарандык никеси, балдары жөнүндө Ясмина айым буга токтолду. “Чыңгыз мурда жарандык никеде жашап, 2 уулу бар. Аларды мен өз балдарымдай көрөм. Чыңгыз аталык милдетин аткарып балдарына тамак-аш, кийим-кече алып берип, батирдин ижарасын төлөп, бардык жактан камсыздап турчу. Балдарды ооруканага алып барыш керек болсо чогуу барып, чогуу эс алчубуз”, – дейт.

Булак: www.super.kg

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: