Талибандын согушкерлери Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Баглан провинциясында элдик музыканын аткаруучусун өлтүрүшкөнүн РИА Новости билдирди. Провинциядагы булактын айтымында, согушкерлер ырчы Фавад Андарабини өз үйүнөн кууп чыгып, өлтүрүшкөн.

Ырчынын өлүмү тууралуу Ооганстандын мурдагы ички иштер министри Масуд Андараби да жазып чыкты.

“Андарабда талибдердин мыкаачылыгы уланууда. Бүгүн (29-августта) өз өрөөнүндө элге кубаныч тартуулап жүргөн фольклордук музыкант Фавад Андарабини мыкаачылык менен өлтүрүштү”, – деди мурдагы министр Твиттерде.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: