31-августтан 1-сентябрга караган түнү жааган жамгырдан улам кыртыштын нымдалуусунун кесепетинен саат танкы 4:00 чамаларында Миң-Куш, Ыраакы Миң-Куш унаа жолунун 3-4 чакырымында жер көчкүсү активдешкен.

Натыйжада унаа жолдун түзүлүшү кыйроого учурап, жол каттамы жабылып калган. Түзүлгөн жагдайды жеринде баалоо үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш жүргүзүүдө. Комиссиянын курамында ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн кызматкерлери да бар.

Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш айылына кетүүчү унаа жолунун 3-4 чакырымына катуу жааган жаандын кесепетинен жер көчкүсү активдешип унаа жолдун 100 метр аралыгын тосуп 2500 м3 кум шагыл түшүп калган. Учурда Жумгал Суу курулуш көмүр казуучу ишканасынын 1 эксковатору, 2 Хово,1 бульдозери жолду калыбына келтирүү жумуштарын аткарууда. Жол каттамы бир тараптуу ачылды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: