Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ичинде жүргүзүлүп жаткан кадр саясатына нааразы болгон «Кыргызстан Улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун жалпы жамааты маалымат жыйын өткөрүштү.

“Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев, орун басары Таалай Ибраев жана “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысы Таалайбек Байгазиев аттуу энергочиновниктер биригип алышып, министрликтин ичиндеги кадрдык маселени башаламандыкка алып келишти. Өзүлөрүнүн жеке саясатына туура келбеген жетекчилерди кызматтан алуу аракетин көрүшүп, алардын ордуна жек-жаат, жоро-жолдошторун кызматка алып келип жатышат”, – дейт эмгек жамааты.

“Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев учурунда коррупциялык иш аракеттери үчүн кызматтан алынган. Ал тургай ал кезде коррупцияга аралашканы УКМК жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан текшерилип тастыкталган“– дейт Улуттук электр тармагынын мурдагы жетекчиси Жумалиев Эмил. Жумалиев кызматтан негизсиз алынганын айтып, сотко кайрыларын белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: