Спортчу Айсулуу Тыныбекова интернетте популярдуу болуп жаткан кичинекей балбан кызды издеп жатат. Тыныбекова фейсбук социалдык тармагы аркылуу билдирүү жазып, секелек менен жолугуу ниети бар экенин айтты.

Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Качан жана каерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган! Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы? Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам! Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде даректери болсо кабар берип коюңуздарчы“, – деп билдирүү калтырды Тыныбекова.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: