Тергөө абагында жаткан активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул маалыматты 1-сентябрда Бишкектеги “Бикард” менчик клиникасынын башкы директору Турдали Заиров “Азаттыкка” ырастады.

Анын айтымында, Аспековго операция төрт күн мурда жасалган. Азыр жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.

“Негизи операциядан кийин он күндүн ичинде жакшы болуп калышы керек. Азыр палатага чыкты, өзү басып жүрөт. Абалына карап анан кийинки чечим кабыл алынат”, – деди Заиров.

№1 тергөө абагында отурган Мелис Аспеков инфаркт алып 11-августта ооруканага түшкөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: