Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкаранын Кечиөрөн муниципалитетинин башкы аянтында Манас баатырдын эстелиги ачылган.

Аны даярдоо иштерин кыргыз тарап ушул жылдын февралында баштаган.

Эстеликтин ачылышына Түркия президентинин администрациясынын өкүлдөрү, депутаттар, Түркияда аккредитацияланган элчилер, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Манастын эстелигинин ачылышы символикалуу экенин айтып, бул эстелик эки элдин түбөлүк достугунун символу болуп калат деп ишене турганын билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: