Бүгүн Баткенде «Түштүк-2021» биргелешкен аскердик машыгуусу старт алат.

5-сентябрына чейин Баткен жана Ош облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтөрүн Коргоо министрлигинен кабарлашты. Машыгууга 1,5 миңден ашуун жаран, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрлигинин ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 200дөн ашык аскер кызматчылары катышат. Пландаштырылган машыгуунун алкагында аскерлердин тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын чыныгы абалы текшерилет. Ал эми запастагы түзүмдөрдүн өздүк курамы ок атуу машыгуусун аткарууда практикалык тажрыйбага ээ болушат. «Түштүк-2021» машыгуусунун жабылышы 4-сентябрда Баткен шаарында болот.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: