Бишкекте жашы жете элек кызга зомбулук көрсөткөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Арызда С.У. аттуу адамга чара көрүү өтүнүчү менен 27-августта саат 23:00 чамасында Алтын-Ордо конушунда эркек киши унаасында күч колдонуп 17 жаштагы кызды зордуктагандыгы көрсөтүлгөн.

«Андан кийин ал киши кызды үйүнө чейин жеткирип, белгисиз тарапка кеткен. Бул факты КР Кылмыш -жаза кодексинин “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренеси боюнча КЖБРге катталган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү катары 26 жаштагы С.А. кармалып, ал Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди »,-деп билдиришти Ички иштер башкармалыгынан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: