Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиядагы Кассациялык соттун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

Аземдин ачылышында Кассациялык соттун төрагасы Акаржа Мехмет, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Түркиянын адвокаттар коллегиясынын президенти, профессор, доктор Метин Фейзиоглу сөз сүйлөштү.

Белгилүү болгондой, Түркиядагы Сот жылынын ачылыш аземи салт боюнча Түркия Республикасынын Кассациялык соту тарабынан өткөрүлөт. Кассациялык соттун жаңы имараты да ушул жылы ачылды. Имарат 191 гектардагы 427 миң чарчы метр жабык аянтты ээлеп, Селжук жана Осмон архитектурасын өзүнө камтыйт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: