Кечээ, 1-сентябрь күнү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен Ош облусундагы жол тескөөчүлөр биргеликте узак жолго айдаган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ош-Бишкек, Ош-Исфана, Ош-Эркечтам унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө жол кырсыгынын болуп жатканынын 4 себеби айтылды:

  • айдоочу уктап, эс албай жолго чыкканы;
  • рулду мас абалында башкаруу;
  • катуу ылдамдыкта айдоо;
  • карама-каршы тилкеге чыгып, жарышып айдоо

Соңку учурларда адам өмүрү кыйылган жол кырсыктарында, негизинен айдоочулардын убагында эс албай, уктап кеткени себеп болгон. Акыркы 7 ай ичинде Ош облусунун аймагында 425 жол кырсыгы катталып, 738 жүргүнчү денелеринен ар түрдүү жаракаттарды алышса, 75 жаран өмүр менен кош айтышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: