Жүрөгүнө операция жасалган активист Мелис Аспеков азырынча баса элек. Аспековдун карындашы фейсбук баракчасына агасынын операция учурундагы сүрөтүн жарыялады. Андагы билдирүүдө Аспековго 7 саат операция жасалганы, азыр ал жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганы айтылат.

Бирок өзү туруп, жата албайт. Себеби оң бутунан, сол колунан жана жүрөгүнө жетиш үчүн болгарка менен араланган төшүнөн, жалпысынан 4 кан тамыр алынып, жүрөгүнө тигилди. Эң биринчиден, Жаратканга, Мелиске операция жасаган мед.кызматкерлерге жана дуа жасап, колдоо көрсөткөн адамдарга чексиз ыраазычылык билдирем. Бирок бул табышмактуу окуяда жооптон, суроо көп болуп жатат. Эмнеге 38 жаштагы, өгүздөй болгон ден-соолугу бар Мелис, туруп эле жүрөгүнө инфаркт алды. Мындан 4 ай мурун УКМК СИЗОсунда кармалып жатканда, Мелис толугу менен анализдердин болгон турун тапшырып, ден-соолугун толугу менен каратып чыккан. Ден-соолугунда бир кынтык табылган эмес. Тиешелүү документтер колубузда турат.”, – деп жазылат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: