“Реформа” жана “Ата Мекен” партиялары Жогорку Кеңешке шайлоого бирге барары тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда. Социалисттер жарышка катыша тургандыгын БШКга билдирген.

“Бүгүн “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Реформа” партиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Алар өлкөдөгү бүгүнкү кырдаал жана биргелешип иш алып баруу жөнүндө сүйлөшүштү”, – деп айтылат партиянын маалыматында.

13-октябрга чейин саясий уюмдар жана бир мандаттуу талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо үчүн керектүү документтерди тапшырышы керек.

Белгилей кетсек, азыркы убакытка чейин 22 саясий партия шайлоого катышуу ниетин БШКга билдирген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: