Бишкек шаарындагы кийим-кече саткан бир нече дүкөндүн ээлери 31-августта ууру аялдардан жабыр тартышканын айтып чыгышты.

Бүгүн, 2-сентябрда АКИpress агенттигине жабыр тарткан ишкер айымдардын бири белгисиз эки аял «Караван» соода борборундагы эки дүкөндөн кийим уурдаганын айтты.

«Бири алаксытып жатканда, экинчиси манекендеги кийимди чечип алган. Башка дүкөндөн илинип турган көйнөктү уурдашкан. Андан кийин изин суутуп кетүүгө шашышкан», – деди жабырлануучу.

Ал эми башка ишкер айым ууруларды кылмыш үстүнөн кармап алган. Бирок ууру аялдар терезе аркылуу качып кетишкен. Бул окуя Манас менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндө болгон.

«Алар сумкага 2 эң кымбат көйнөктү салып, дүкөндөн алып чыгып кетүүгө аракеттенишкен. Бирок биз аларды кармап калдык. Аялдардын бири алаксытып жатканда, экинчиси уурдайт. Түрмөдө камалып чыккандардай сүйлөшөт, кол көтөрүшөт», – деди ишкер айым.

Ал окуянын видеосун интернетке жарыялаган. Андан соң видеодогу аялдардан жабыркаган башка ишкерлер табылган. Алардын баары милицияга кайрылышты.

Булак: barakelde.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: