1-сентябрда “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Д-р Гавриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Жолугушууда алар Афганистандагы акыркы окуялардан улам пайда болгон Борбор Азиядагы кырдаал жөнүндө сүйлөшүшкөн. Партия жолугушуунун башка чоо-жайын билдирген жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Текебаевдин Германияга элчи болуп барары айтылган. Бирок саясатчы өзү бул кепти тастыктай элек.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: