Кыргызстанда күйүүчү май дагы 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн. Буга 1-сентябрдан тартып Орусия Кыргызстанга экспорттук төлөмү (пошлина) менен күйүүчү жана майлоочу май ташып келе баштаганы себеп болот.

Бул жаңылыктан улам Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары кайрадан жол кирени жогорулатуу зарылдыгын айтып чыгышты.

“Тетиктердин көбү кымбаттады. Мындан тышкары 3 миң турган май азыр 5 миңден сатылууда. Маршрутканы ижарага алып иштеген кесиптештерим бар. Алар ижарага 1200 сомдон төлөп, үйүнө 300 сом менен кетип жатышат. Айла жок иштеп жүрүшөт. Башка жумуш жок, улгайып калышты”, — деди Мелис Курманалиев аттуу айдоочу.

Анын айтымында, ал иштеген 106-каттамдагы кесиптештеринин көбү иштен кетип, азыр 80 машруттук таксинин 35и гана калды.

“Албетте, акча жетпейт! Айла жок, иштеш керек. Башка жумушка кетсекпи деп ойлонуп жатабыз. Болбосо Орусияга же Европага барып, жүк унааларын айдоо керек. Ал жерде айлык жакшы деп айтып жатышат, азыр ушул темада сүйлөшүп жатабыз”, — деп кошумчалады ал.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: