Москвада дарыланып жаткан саясатчы Өмүрбек Бабанов 5-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди. Kaktus.media жазгандай, ал мекенине машина менен келген. Августтун аягында жасалган операциядан кийин дарыгерлер Өмүрбек Бабановго учак менен белгилүү убакытка чейин учууга тыюу салышкан, ошондуктан экс-премьер жерде жүрүүчү транспорт менен үйүнө кайткан.

Эске сала кетсек, 27-июлда КРнын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын абагынан бошотулган. Ал зарыл болгон дарылоону чет өлкөдө алышы керек болгондуктан 10-августта өлкөдөн чыгып кеткен.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: