Пакистандын жарандары ар бир электрондук визага 51 доллардан төлөштү. Мындан тышкары Пакистандын үч шаарынан – Исламабад, Лахор жана Сиалкоттон 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү учуп келген. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстандын консулдук кызматы 1-январдан 1-сентябрга чейин Пакистандын 9917 жаранына виза берген.

“Кыргызаэронавигация” ишканасы 65 чартердик каттамды тейлегени үчүн 200 миң доллардан ашуун каражат тапты. Ал эми “Манас” аэропортуна учактардын учуп-конуусунан 550 миң доллардан ашык пайда түшкөн”, – деди Артыкбаев.

УКМКнын Чек ара кызматы берген маалыматка караганда, 1-5-сентябрь аралыгында Кыргызстанга Пакистандын 532 жараны кирип, 1596 жаран кайра чыгып кеткен.

ИИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын окуу жайларында жалпысынан 8067 пакистандык билим алат. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бир ай мөөнөт менен өлкөгө кирип, өз убагында чыгып кетпегендер Пакистанга кайра жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Булак: www.azattyk.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: