Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ой-пикирлерин жана сунуштарын укту.

Жолугушуу учурунда Ош-Ноокат багытында каттаган жеке таксисттерди тартипке келтирүүнү, Ош-Араван багытындагы, Ош шаарынан чыга беришиндеги жол боюнда токтоп турган ири жүк ташуучу унаалардан жолду бошотуп берүүнү суранышты. Ири жүк ташуучу унаалар (ФУРА) жолду ээлеп, башка жол кыймылынын мүчөлөрүнө кооптуу болуп жаткандыгын айтышты. Жашоочулар милиция кызматкерлерине дагы көӊүл буруп, бөлүм менен бөлүмчөлөрдөгү автоунааларды жаӊылап берүүнү айтып өтүштү.

Шаардагы ири жана кичи базарларды такай көзөмөлгө алып, бекем тартип орнотуу зарылдыгын айтышты. Милицияга чоӊ үмүт артып жаткандыктарын, айрым учурда милициянын түздөн-түз милдетине кирбесе дагы жергиликтүү милиция кызматкерлери айрым күнүмдүк маселелерди чечүүдө жардам көрсөтүп жаткандыгын белгилеп өтүштү.

Ошондой эле Туран жана Курманжан-Датка кичирайонунун тургундары мас абалында жүргөндөр көбөйүп бара жаткандыгына токтолушту. Аларды алып бара турган да жай жок болгондуктан соолуктуруучу жайды ачуу керек деп суранышты.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков көптөгөн маселелерди жеринде чечип, жергиликтүү милиция кызматкерлерине дагы кошумча тапшырмаларды койду.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: