Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрбөйт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттыкка” билдирген.

Мамлекет башчысы буга чейин өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий процесстерге аралашуусуна, ошондой эле кайсы бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген”, – деп жазылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам саясатка аралашып, талапкерлер менен жолугушууларды уюштуруп жатканын айтып чыккан. Эл өкүлү мамлекет башчыга баласын тыйып коюуну сунуштаган. Бекешев мурдагы президенттерди мисал келтирип, мындай жагдай мамлекет башчыга дагы, өлкөгө дага аброй алып келбей турганын белгилеген.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: