Швейцариянын жараны Даниел Бейшат бүгүн, 9 -сентябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Gergert sport» компаниясынын ээси аны 1,5 миллион еврого алдап кеткенин айтты.

Анын айтымында 2016-жылы Виталий Гергерт 12% жылдык үлүш менен «Gergert sport» компаниясына инвестиция салууну сунуштаган.

«Башында 100 миң евро инвестицияланган. Кызматташтыктын кепилдиги катары кол коюлган келишимде каражат кайтарылбаса, анын Бишкектеги Гоголь көчөсү 119 дарегинде жайгашкан дүкөнүн алып койсом болоору жазылган.

2016-жылдан 2017-жылга чейин пайыздары туруктуу төлөнүп келген. Ал эми 2019-жылдын аягында менден 200 миң доллар өлчөмүндө транш алып, В.Гергерт дароо жоголду. Мен 2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрылдым. Тергөөнүн жыйынтыгында В.Гергерт мени 1 млн 500 миң евро өлчөмүндө алдап кеткени белгилүү болду», – деди ал.

Инвестор ошондой эле В.Гергерт жалгыз эмес, анын шериктери Наталья Луцева-Гергерт, Рафхат Рахматуллин, Элдияр Келгембаев, Айдай Таласбекова, Азиз Нарынбеков, Бактыгүл Керимова экенин кошумчалады.

Д.Бейшат В.Гергерттин ишмердүүлүгүнүн коррупциялык компонентине эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Булак: “Баракелде”

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: