Абактагы мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага түштү. Маалыматты Govori.TVга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда конвойлордун кайтаруусунда жатат. Анын эмнеден улам ооруканага түшкөнү айтылган жок.

Эске салсак, 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту жылуулук борборун модернизациялоо маалында коррупцияга жол берилген деген негизде мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 7 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: