ИИМдин маалыматы боюнча, «Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу максатында интернет айдыңында анализдөө жана мониторинг иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Москва шаарындагы «Мен макулмун» жана «Менин укугум бар» коомдук кыймылдарынын лидери, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова бир нече жылдан бери Россияда эмгектенери, аталган коомдук кыймылдардын мүчөлөрү менен бирге чогулуш жана конференцияларды уюштуруп турары аныкталды.

“Нарматова мигранттардын, ошондой эле Кыргызстанда жашаган жарандардын арасында нааразычылыкты күчөтүү үчүн дайыма Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүн негизсиз сындап келет. Нарматованын билдирүүлөрүндө жагымсыз пикир жана бийлик өкүлдөрүнүн ишин дискредитациялоо бар. Анын аракети аймактар аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга шарт түзөт”,-деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар Жазык кодексинин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен Нарматова Ош шаарындагы аэропортто кармалды. Учурда аны ИИМдин Тергөө кызматына жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: