“Бүтүн Кыргызстан” партиясы активист, аталган партиянын мүчөсү Орозайым Нарматованы укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ош аэропортунан кармап кеткенин 10-сентябрда билдирди.

Партия Нарматованын кармалышын саясий куугунтук катары баалайт.

“Өлкөбүздөгү мыйзамсыздыктарга, акыйкатсыздыктарга өз ой-пикирин билдирген жараныбыз, партиялашыбыз Орозайым Нарматованы бүгүн эртең менен саат 05:00 тегерегинде Ош аэропортунан укук коргоо органдары кармап кеткени белгилүү болду. Бийликтин бул аракети сөз эркиндигине болгон чоң сокку”, – деп билдирет партия.

Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары маалымат бере элек.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: