“Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын жоочулары мурдагы вице-президент Амрулла Салехтин агасы – Рохулла Салехти өлтүрүштү. Бул маалыматты анын жээни Reuters агенттигине маалымдап, маркумдун сөөгүн көмүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенин билдирди.

India Today басылмасынын маалыматына ылайык, Рохулла Салех Панжшердеги кагылышуу учурунда өлтүрүлгөн. Hindustan Times Рохулла Салех Панжшерден Кабулга чыгып кетүүгө аракет кылган учурда өлтүрүлгөнүн жазды.

“Талибан” Панжшер капчыгайындагы кагылышта жеңишке жетишкенин эки жолу жарыялады. Ахмад Масуддун колбашчылыгы алдында талибдерге каршы күрөшүп жаткан тарап муну жокко чыгарууда.

Талибдер 15-августта Ооганстандын борбору Кабулду басып алган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден кийин анын ордуна бийликти колго алганын мурдагы вице-президент Амрулла Салех жарыялаган.

“Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстандын басымдуу бөлүгүн бийлеп турган. Талибдерди жана башка террордук уюмдарды жок кылуу максатында 2001-жылы өлкөгө кирген АКШ жана өнөктөштөрү быйыл жаздан тарта аскерлерин өлкөдөн чыгара баштаган. “Талибан” кайрадан күч алып, Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүндө көзөмөлүн орнотту.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: