“Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын тизмеси боюнча талапкерлигин койгон, учурда Ош шаардык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарып жактан Абдижапар Аккулов алдыдагы Ош шаарынын оңдоп-түзөө иштеринде эмнелерге көңүл буруу керек экендигин айтып, алдыдагы пландар тууралуу ой бөлүштү.

Маектин толук нускасын төмөндөн окуй аласыздар:

Эмне үчүн «Улуттар биримдиги» элдик партиясын тандадыңыз?

“2010-жылдагы окуя бизге чоң сабак болду. Элдик дипломатиянын, эки элдин тынчтыгын сактап калуу эки элдин өз колунда экенин түшүндү. Чыгармачыл топтордун дискуссиясына аралашып калдым, ошол мезгилде шаардын мэри Мелисбек Мырзакматов аябай катуу сынга кабылып, бирок элдин ишеничине татып калган эле. Күн алыс, Оштун аянтында митинг болуп, бирок Оштун эли Мелистин иштерине оң баа берип өзүнүн чыныгы элдик мэрин сактап калууга жетишкен. Ошол эле жылы “Улуттар биримдиги” элдик партиясы түзүлүп, бул партиянын эң биринчи жана чоң максаты бул элди бириктирүү болгон”.

Тынчтык элге керек эле.

2011-жылы мага депутат болууга сунуш түштү. Мен макул болдум, чынын айтсам Улуттар биримдиги” партиясына мүчө болуу менен өмүрүмдө биринчи жолу (партбилет) кармадым. Ал учурда жагдай өтө татаал болчу. Бийлик элди каалагандай калчап турган, бул иш аракеттерге туруштук берип элдин кызыкчылыгы үчүн күрөш жүргүзгөн Ошто жалгыз Мелис Мырзакматов болду. Ал беш жыл мэр болду. Эл өзү көрдү, иштери тарыхта ташка жазгандай болуп калды. Бирок ошол мезгилдеги бийлик акыры Мелисти кетирүүгө жетишип, андан сырткары дагы жөн койбой куугунтукка да алышты. Команда чачырады. Бирок, ак ийилет бирок сынбайт дегендей бардык лидерлер акталды.

Эгерде ошол учурда саясий куугунтук жок болгондо, Мелисбек Мырзакматовго иштөөгө мүмкүнчүлүк бергенде кырдаал кандай болмок?

“Мэр деген ким кандай болоорун Кыргызстандын тарыхында Мелисбек Мырзакматов көрсөттү. Кийинки мэрлер Мелис койгон планкадан ашып өтө албаса да, аракет кылды. Мына үчүнчү мэр иштеп атат. Жыйынтыгын көрүп жатабыз. Эл өз баасын берди. Убагында Ош шаары түштүк борбордо баш-оту менен кирип, жаны тынбаган жетекчи катары эсте калды. Буга мисал көп. Күл болуп калган Ошту гүл кылды деген сөз Мырзакматовдун гана дарегине айтылганын эч ким талаша албайт. Жарыктандыруу, фонтандар, шаардын инфраструктурасы, монументалдык эстеликтер,шаар бюджетин 1 миллиарддан ашырып, дарыгер мугалимдердин комуналдык кызматынан бошотуу аны компенсациялоо, атайын фонд түзүп өрт өчүрүү кызматкерлерине жардам берүү, мектеп бала-бакчаларды куруу, шаардагы суу түтүктөрүн жаңылатуу баары эсибизде. Ошол учурда Мырзакматов сырттан инвеститция тартып, чоң-чоң долбоорлорду ишке киргизип, Ошто көптөгөн алгылыктуу иштерди аткарууга жетишти. Эгер кийинки мөөнөткө да, Мырзакматов иштегенде, “эстакада” көпүрөсү башкача болуп шаарга белек болмок. Бирок андан кийинки Оштун жана өлкөбүздүн жетекчилери мурдагы долбоорду бир канча өзгөртүп, жыйынтыгында көпүрө башкача курулуп калды. Мырзакматовдун идеясы толук аткарылган жок. Мурдагыдай эле көпүрө болуп калды. Бизде транспорттук тартип жокко эсе, көпүрө бийик болгондо ал маселе чечилмек. Ошто транспорт көп болгондуктан бак өстүрүү чоң мааниге ээ. Ошол эле учурда жашылдандыруу чарбасында бир кыйла адистердин пикирин эске алуу менен реконструкциялык жакшы иштер башталган, азыр ошол долбоорлор аткарылмак”.

Сиз “Улуттар биримдиги” партиясынан депутат болдунуз. Сиздин пикириңиз боюнча шаарды оңдоп-түзөө иштеринде эмнени өзөртүү керек?

Мен эн биринчиден тендер маселесине кайрылмакмын, анткени кандай иш болбосун, ушул тендер аркылуу коррупцияны гүлдөтүп атабыз. Мен ошол мамлекеттик окуу жайда дээрлик 30 жылдан ашуун эмгектенген киши катары айтсам, бир эле окуу жайды айтканда, университет өзү тапкан каражатка өзүлөрү ээ эмес. Экинчиден шаарда тиричилик проблемалары таза суу, канализация, газ менен камсыздоо, жылуулук көйгөйлөрү, мындан тышкары, коомчулук шаардын экология маселесин көп көтөрүп чыкчу болду. Ош шаарында деле, аба Бишкектей булганыч болбосо, андан кем калышпайт, бирок биз унчукпайт экенбиз. Биз бийликтегилер катуурак айтып эмне жакпай жатат десе унчукпай отуруп кала берет экенбиз. Коомчулуктун аң сезиминин төмөндүгү деп эле айтат элем. Себеби дегенде бир катар экологиялык маселе абдан көп. Коомчулуктун саламаттыгына канча зыян болуп жатканын түшүнүшүбүз керек. Мен айтар элем, өзгөчө кыш айларында Ош шаарынын жака белдери айылдарга толуп кетти. Элестетиңиз ошол жылуулук свет менен баарын камсыздоо мүмкүн эмес. Ошол эле учурда газ менен жылуулукту да камсыз кылып коюу мүмкүн эмес. Келип эле ошол отун жагабыз көмүр жагабыз. Көмүрдүн сапатына эч ким кызыгып көрбөйт, эмне деген гана көмүр сатпайт, калк чөнтөгүнө жараша арзанын тандайт. Арзан көмүр жакшы жылытпайт, анан ыш чыгарат. Химиялык составы да өтө зыяндуу”.

Улуттар биримдиги фракциясынын алдына койгон максаттары кандай?

“Биз шаардык кеңеште оппозициялык фракция болуп калдык, опозицияда “Бир бол” партиясы да бар. Жаңы мэрдин да, шайлоо алдындагы программасын уктук. Эми биринчиден Ош шаарынын спецификациясын да, тереңирээк түшүнүп алышыбыз керек. Ал үчүн тармактар боюнча адистер, эксперттер менен кенешип, аткарыла турган долбоорлорду бир сыйра кайрадан карап чыгып койсо жакшы болмок. Биздин фракциянын максаты Ош шаарында болуп жаткан чоң көйгөйлөрдү чечүү. Эл бизди шайладыбы, биз элибиздин ишеничин аткарышыбыз керек”, – дейт Абдижапар Аккулов.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: