personal data section of an application form

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү дешти президенттин басма сөз кызматынан.

Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана “жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында кол коюлду.

“Агенттик бул мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат”, – деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: