Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен кармалганын 14-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Асанов Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде баштаган сотко чейинки териштирүү алкагында шектүү катары кармалганы маалымдалды.

Курсан Асанов 2011-жылдан 2019-жылга чейин ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. Ал мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин кызматынан бошотулган. Ага карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, үй камагына алынган.

Курсан Асанов 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин кайрадан кармалган. Алгач УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, андан кийин үй камагына чыккан.

Асанов 2021-жылы январь айында ИИМдин имаратын басып алууга шектелип кармалган. Ал эми апрель айында баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыккан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: