Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 15-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматында үч саат суракта болду. Сурактан чыккандан кийин ал ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган иштин алкагында жана маданият кызматкерлеринин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу деген катта жазылгандарга байланыштуу чакырылганын билдирди:

Достор, санаалаштар, коомдук ишмерлер, журналисттер! Сиздерге колдооңуздар үчүн таазим! Интернетке азыр кирип, чыныгы колдоону сездим, ыраазы болдум. Адилеттүүлүккө умтулган, жалганга көз жумуп кое албаган элибиз менен мыкты өлкө курабыз! Кылмыш иштери жалгандан токулганы анык, сынбайбыз, курчуйбуз! ИИМ кызматкерлери тарабынан суракта эч кандай басым болбогонун калыстык үчүн айта кетейин” – деп жазды ал фейсбук баракчасына.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: