Баткен облусундагы сот Тажикстандын эки жаранын — Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоровду өмүр бою эркинен ажыратты. Алар “Тынчтыкка каршы кылмыш кылуу” жана “Талоончулук” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Тажикстандын соттолгон жарандары быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин кармалган. Азырынча Тажикстандын бийлиги Каххоров менен Юнусовго карата чыккан сот өкүмү боюнча комментарий бере элек.

Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов өкүм 14-сентябрда чыкканын билдирди. Анын айтымында, сот отурумдары жабык өтүп, сот залына айыпталуучулардын жакындары киргизилген жок.

“Тергөөдө уулумдун куралдуу адамдардын жанында турганы тартылган видеодон башка эч кандай далили болгон эмес. Бул анын күнөөсүнүн жалгыз далили”, — деди ал.

Каххоровдун жубайы Наргис Жабборова сотко Кыргызстан тарап дайындаган адвокат Мелис Абдураимов катышканын билдирди.

Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоров быйыл май айында кармалган. Абдулазиз Юнусовдун айтымында, алар чек ара сызыгы жок аймакта кыргыздар менен бир көчөдө жашашат.

Ал ортодо 15-сентябрда Кыргызстандын тажик улутундагы үч жаранынын үстүнөн сот отуруму башталды. Алар апрель-май айларындагы куралдуу кагылышууда кылмыш кылган деп айыпталууда. Прокуратура айыпталуучулардын ар бирин 20 жылдан соттоону өтүндү. Аларга карата өкүм 21-сентябрда чыгат деп күтүлүүдө.

“Озоди” радиосунун колуна тийген документтерге ылайык, этникалык тажиктер “Мекенге чыккынчылык кылуу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Мыйзамсыз маңзат сатуу” беренелери боюнча айыпталууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: