“Улуттар биримдиги” элдик партиясынын тизмеси боюнча талапкерлигин койгон, учурда Ош шаардык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарып жактан Нурила Самиева учурунда саясий куугунтукка кабылганын билдирип, алдыдагы иш-пландары тууралуу айтып берди.


«Улуттар биримдиги» саясий партиясынын башка партиядалардан артыкчылыгы эмнеде?

Мен баардык мэрлер менен иштешип көрдүм, бул партияны жон терим менен сезим көрүп таза экендигин билип анан тандадым. «Улуттар биримдиги» партиясы түзүлгөндөн тарта мүчө болуп келе жатам. «Улуттар биримдиги» элдик партиясынын башка партиялардан артыкчылыгы бул 10 жылдан ашуун өзүнүн тарыхы бар. Ошондой эле принципиалдуу мүчөлөрү менен өзүнүн идеяларын ишке ашырган партия. Биздин лидерибиз Мелисбек Мырзакматовдун демилгелери менен көптөгөн иштерди аткарганга жетишип, күлгө айланган Ошту гүлгө айланта алдык. Бул дегеним биз өзүбүздүн сөзүбүздү иш менен тастыктап бердик.

Бул партияда мүчө боло туруп эмнеге жетиштиниз?

Туруктуулукка. Чынын айтканда, буга чейин «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү болгондугум үчүн, өзүмдүн принцибимден жана тандоомдон танбагандыгым үчүн 2014 – жылдан бери көптөгөн сыноолорго кабылып, куугунтукка да алындым десем болот. Мисалы, бардык эле мэрлер чакырып, “бийликтин партиясына кошулуңуз”- дейт, бизге иштеңиз дейт, мен болсо жок деп жооп берем. “Жок десеңиз анда саясий көз карашыбыз туура келбейт арызыңызды жазыңыз”- дейт, айла жок жумуштан кетишиңе туура келет. Чындыгында шаар башчыларына чарбакер киши кереги жоктой сезилет, шаарды өнүктүрөйүн деп канча аракет кылбайын, бирок натыйжада сенин саясий көз карашын башка экен деп, иштөөгө жол бербейт.

Сизди бир гана «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү болгонуңуз үчүн эле куугунтукка алышканбы?

Ооба, мен аймактык шайлоо комиссиясына да, ТИКке да мүчө болгонмун. МТУлардын башчыларын чакырат кээде партияңа карап туруп кээ бир кеңешмелерге кошпой да чакырбай да коет. Айтмамат Тентибаевдин учурунда мени Мырзакматов менен учурашып сүрөткө түшкөнүм үчүн иштен алышкан.

Ошто эмнени өзгөртүү керек?

Бизде жол тыгындары, суу маселеси өтө начар, жамгыр жааса тоолуктардай болуп көчөгө суу издеп чыгабыз. Жатаканадагы балдарда болсо, балдар ойноочу аянтча жок. Элиталык заманбап үйлөрдө жашаган жаш балдар болсо, балдар аянтчасында ойношот . Жатаканаларда жашаган балдарга да шарт жаратып бериш керек. Ошол нерсеге катуу жүрөгүм ооруйт. Ыйлагым келет. Азыркы убакта Ошто эл үчкө бөлүнүп калды. Эң байлар, ортолор анан кембагалдар болуп. Ата – энеси кембагал болсо бала күнөөлүү эмес да. Балдар биздин келечегибиз. Эми мен мандат алдым, ошол аярлуу катмарларга жардамымды аябай, мурда Меслибек Жоошбаевич мэр болгон учурдагы иштеп келген, андан соң алынып жок кылынган жеңилдетүүлөрдү, льготаларды кайрадан ишке киргизүү пландарымда бар.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: